• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зарылбек уулу Алмазбек юстиция министринин орун басары болду

28 Үчтүн айы 202212:15 Бишкек Govori.TV

Зарылбек уулу Алмазбек юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Юстиция министрлиги билдиргендей, Зарылбек уулу Алмазбекти эмгек жамаатка министр Аяз Баетов тааныштырды.

Зарылбек уулу Алмазбек 1975-жылы туулган. Юридикалык билими бар. Буга чейин улуттук коопсуздук органдарында, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматында иштеген. Юстиция министринин кеңешчиси, Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын жетекчиси, Пробация департаментинин башчысы кызматтарын аркалаган.

Количество просмотров: 318