Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлгө келди. Бул тууралуу Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 16-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин учагы Ысык-Көл облусунун Тамчы аэропортуна конгон.
«Коңшу мамлекеттин президентинин Ысык-Көлгө келишине байланыштуу Чолпон-Атада бир нече чакырымга созулган тыгындар пайда болду», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Flightradar24 сайтынын маалыматына караганда, саат 13:17де Өзбекстандын борбору Ташкенттен абага көтөрүлгөн жеке учак Тамчы аэропортуна конгон.
Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик органдары азырынча мындай жогорку деңгээлдеги сапарды ырастай элек.
Кошумчалай кетсек, Мирзиёевдин келиши мүмкүн экендигин Өзбекстандын расмий сайттарында жарыяланган эмес.