• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзбекстан азык-түлүк товарларынын дээрлик 40% Казакстандан импорттойт

1 Баш оона 2022 17:35 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзбекстанга импорттолгон азык-түлүк товарларынын 37,9% Казакстандан келген. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстан буудайга болгон ички суроо-талаптын 35% жакынын чет өлкөлөрдөн импорттойт. Анын негизги бөлүгү Казакстанга туура келет.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Орусия Украинага кол салгандан кийин жаралган дан азыктарынын жетишсиздигинен улам 15-апрелден тарта буудай менен унду экспорттоого үч айга чектөө киргизиле турганын билдирген.

Казакстандын бул чечими Өзбекстан ички азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөрдөн 600 миң тонна дан азыктарын сатып алуу планын жарыялаган маалга туш келген.

4-апрелде Ташкент апрелден июлга чейин Казакстандан 100 миң тонна буудай сатып алууну пландап жатканын билдирген.

Статистика комитети Өзбекстанга импорттолуп жаткан азык-түлүк товарларынын 25,6% Орусиядан, 11,9% Бразилиядан, 4,3% Беларустан, 2,9% Пакистандан жана 17,4% башка өлкөлөрдөн келерин расмий билдирди.

Ошол эле маалда Өзбекстан январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 450 миллион долларга 821 миң тонна жашылча-жемиш экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 104 миң тоннага көп.

Количество просмотров: 125