• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзбекстан үч айда $2,6 миллиард долларга алтын экспорттоду

25 Чын куран 2024 9:14 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жылдын январь-март айларында Өзбекстан 2 миллиард 664 миллион 300 миң долларга алтын экспорттогон.

Өзбекстандын Статистика агенттигинин маалыматына караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 10,5%га көп. 2023-жылдын бул мезгилинде өлкө тышка 2,4 миллиард доллардан ашык суммага алтын саткан.

Мурдараак Дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) быйыл февраль айында 12 тонна алтын саткан Өзбекстан дүйнөдө эң көп алтын экспорттогон мамлекет болуп калганын жарыялаган.

Расмий маалыматка караганда, 2024-жылдын 1-апрелине карата Өзбекстандын алтын-валюта резерви 34 миллиард 190 миллион 300 миң долларды түздү.

Статистика агенттигинин отчетуна ылайык, Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү биринчи кварталда 15,82 миллиард долларга жеткен. Анын 6,38 миллиард доллары экспортко (бул сумманын 41,7%ы алтынды чет өлкөгө сатуудан түшкөн – ред.), 9,43 миллиард доллары импортко туура келет.

Количество просмотров: 71