• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзбекстан чек араны тосо баштады, эмнеге?

11 Аяк оона 2019 11:40 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Араван районуна караштуу Керкидан айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Орозбаев баштаган чакан топ өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнө жөнөп кетти. Алардын катарында жергиликтүү тургундардын үч өкүлү бар. Орозбаев «Азаттыкка» алар Керкидан айылындагы «400 гектар жер Араван районундагы башка жерге 2017-жылы алмаштырылган» деген маалыматты тактоо максатында барышарын билдирди. Ошондой эле тургундар Керкидан суу сактагычын эки өлкө бирдей пайдалануусун талап кылып жатышат.

Ал жерде чек ара буга чейин такталган экен, — деди Мирлан Орозбаев. — Президенттер кол коюп, бекиткен экен. Азыр биз элге жана бизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн Байыш Юсуповго баратабыз. Өзбекстан тарап да документтерин, карталарын алып келип тактады. Кечээ чакырганда биз тараптан Мамлекеттик катоо кызматынын өкүлдөрү, өзбек тараптан өкүлдөр келип карталарын салыштырышты. Бардыгы эле так экен.

Орозбаев айтып жаткан Байыш Юсупов — өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары, чек араны делимитация, демаркация боюнча комиссиянын мүчөсү.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Араван районунун Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосуп алганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, тирешке себеп болгон. Мунун алдында Араван районунун Төө-Моюн айыл округундагы «Керкидан суу сактагычынын айланасын Өзбекстандын аскерлери тосуп алды» деген кабар-видеолор тараган.

Видеолордо бир нече кыргыз жарандары өзбек чек арачылары менен тирешип турганы, чек ара тилкесинин ары жагында аскердик техника турганы тартылган. Учурда аталган аймакта аскердик техника чыгарылып кеткенин, жол курган техника гана калганын ошол аймакка барган «Азаттыктын» кабарчысы тургундардын айтканына таянып билдирди.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 277