• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстан: Эмдөөдөн өткөн студенттерге окуу акысын төлөөдө 10% жеңилдиктер берилет

9 Аяк оона 2021 16:19 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмдөрүндө окуган студенттер 1-ноябрга чейин коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө, 2021-2022-окуу жылында базалык окуу акысын төлөөдө 10% жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, апта башында студенттер үчүн 2021-2022-окуу жылы ЖОЖдордогу бир жылдык окуу акысынын өлчөмү бекитилди. Мекеме жарыялаган таблицага ылайык, быйыл окуу акысы катары 10% жеңилдик менен төлөнө турган сумма 2020-2021-окуу жылы үчүн бекитилген базалык суммага барабар.

Министрликтен мындай чара пандемия шартында калктын төлөө мүмкүндүгү төмөндөгөнүн эске алып, балдары акы төлөп билим алган үй-бүлөлөргө жеңилдиктерди берүү жана аларды колдоо максатында кабыл алынганын белгилешти.

Количество просмотров: 97