• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өзбекстан газ берүүнү токтоторун билдирди

24 Үчтүн айы 2022 16:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын түштүк региондорунда бир нече күндөн бери газ берүүнүн көлөмү азаюуда. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы кескин төмөндөп жана керектөө өсүп жатканына байланыштуу. Ошондой эле Өзбекстан газ экспорттоону токтотуу планы туурасында дагы расмий кабарланган.

«Өзбекстандан чыккан газды жеткирип турган «Газпром экспорт» ишканасы жана өзбек кесиптештер менен газды туруктуу негизде камсыздоо боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Кырдаал күнү-түнү көзөмөлдөнүп жатат. Мындай көйгөй жылда күз-кыш мезгилинде керектөө өскөн сайын жаралып турат. Өзбекстандын өзүндө ресурстук базасы азайганына байланыштуу түштүк тарапка газдын экспорту төмөндөй турганы айтылды. Мындан сырткары, катуу суукта Өзбекстандын ички керектөөсүн камсыздоо кыйындап, жылытуу сезонунда чектөөлөр киргизилет. Коңшу өлкөнүн бийлиги жаратылыш газын экспорттоону токтотуу планын расмий түрдө билдиргенин да белгилей кетүү керек», — деп айтылат маалыматта.

Авариялык кырдаал жаралбаш үчүн көп күч келген маалда Ош шаарындагы жеке секторлорго газ берүүгө чектөө киргизилет.

«Газпром Кыргызстан» жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, Ош шаарын газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык керектүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын кошумчалады. Бул маселени чечүүнүн бир жолу катары өлкө ичинен газ чыгарууну өнүктүрүүнү атады.

Количество просмотров: 78