• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өзбекстан КМШ өлкөлөрүнө эркин соода режимин киргизүүнү сунуштады

17 Тогуздун айы 2022 9:21 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан КМШ алкагында эркин соода режимин киргизүү үчүн бардык чектөөлөрү алып салууга даяр. Бул тууралуу Шавкат Мирзиёев Астанада өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин жыйынында билдирди.

“Өз ара соодадагы бардык тоскоолдуктарды алып салуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү зарыл. Сөздөн ишке өтө турган убакыт келди”, — деди өзбек президенти.

АЛ КМШ боюнча кесиптештерине өз ара сооданы көбөйтүү – чектөөлөрдү алуу боюнча кеңешмелерди өткөрүп, чараларды кабыл алуу үчүн тармактык министрликтерге бир айлык мөөнөт берүүнү сунуштады.

“Азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук коркунучу кооптуу деңгээлге жетти. Бул көптөгөн аймактарда социалдык толкундоолорду жана туруксуздукту жаратууда. Тилекке каршы, Шериктештик мейкиндиги да четте калган жок. Бул терс тенденциялардын баары туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча жалпы аракетибизге кедергисин тийгизүүдө. Мындай масштабдагы көйгөйлөрдү бирге гана чечсе болот”, — деди Мирзиёев.

Өзбекстан өнөктөштөрүн мөмө-жемиштер менен камсыздоого даяр. Өз кезегинде өлкө дан, май, мал үчүн жем-чөп сатып алууга кызыктар.

Өзбекстан президенти жаңы логистикалык коридорлорду да бирге өнүктүрүүнүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Ал кеп “Термез — Мазари-Шариф — Кабул — Пешавар” жана “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолдорунун курулушунун долбоору жөнүндө болуп жатканын айтты. Мирзиёев бул жолдор салынса, жүк ташуунун мөөнөтү жана баасы эселеп арзандай турганын жана товарларды сатуу үчүн жаңы рыноктор пайда болорун билдирди.

Количество просмотров: 83