• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстан Кыргызстандан 500 миң тонна картөшкө алат

15 Бирдин айы 2018 16:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.02.2018.Govori.TV
Өзбекстан Кыргызстандан 500 миң тонна картөшкө сатып алат. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештеги жазгы-талаа иштерине даярдык тууралуу жыйында айтты.
Анын айтуусунда бир жума мурун Өзбекстанга делегация барып келди.
Эске салсак, былтыр 2017-жылы жаз-жай айларында Кыргызстанда картөшкөнүн баасы кескин көтөрүлгөн. Баанын көтөрүлүүсү картөшкө Өзбекстанга экспорттоло башташы менен түшүндүрүлгөн.
Количество просмотров: 36