• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстан Кытайга газ экспорттоону жандандырды

25 Бугу 2022 9:00 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Кытайга газ экспорттоону жандандырды. Бул тууралуу Eurasianet.org кабарлады. Республика жыл башында ички талапты канааттандыруу үчүн газды тышка чыгарууну убактылуу токтоткон.

Өзбек өкмөтү газды сатуу жандандырылганы жөнүндө кабарлаган жок. Бирок Кытай маалыматтарынан Ташкенттин Борбор Азия- Кытай кууру аркылуу көгүлтүр отунду экспорттоп жатканын байкоого болот.

Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын статистикасына караганда, Өзбекстан Кытайга быйыл алгачкы төрт айда 132,8 миллион долларга газ экспорттоду. Бул жөнүдө орусиялык Neftegaz.ru порталы билдирди.

Түркмөнстан январь-апрель айларында Кытайга 2,87 миллиард долларга газ саткан. Казакстандын Кытайга экспорту 270,6 миллион долларды түзгөн.

Быйыл Ташкент 3,3 миллиард метр куб газ экспорттоону пландоодо. 2019-жылы өлкө четке 12,2 миллиард метр куб газ саткан.

Количество просмотров: 103