• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзбекстан менен «Газпром» кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

2 Жетинин айы 2023 12:03 Бишкек Govori.TV

Орусиянын “Газпром” компаниясы менен Өзбекстан өкмөтү энергетика тармагында кызматташуу боюнча стратегиялык меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 1-ноябрда Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Документ газ менен камсыздоо жана жеткирүү, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана көмүр суутегин өндүрүү багытындагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Ага Санкт-Петербургда өткөн эл аралык газ форумунун алкагында Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер кол коюшту.

Мындан тышкары, тараптар орус газын Өзбекстанга Казакстандын аймагы аркылуу жеткирүү маселесин талкуулашты. Бул жараян октябрдын аягында башталганы маалым.

Июнь айында Ташкент өлкөгө жаратылыш газын жеткирүү боюнча «Газпром» менен эки жылдык келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, көгүлтүр отун «Борбор Азия-Борбор» кууру аркылуу ташылат. Бериле турган газдын көлөмү жылына 2,8 миллиард куб метрге жакын болот.

Бирок Орусия менен Өзбекстан өкмөттөрү газдын баасы боюнча маалымат бере элек. Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов буга чейин Орусиядан сатылып алынган газдын баасы коомчулукка айтылбай турганын жана газдын баасы сыр сакталарын билдирген. Министрдин айтымында, баа улуттук кызыкчылыкты жана рынок шартын эске алуу менен аныкталган.

Количество просмотров: 71