• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстан менен Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

16 Жетинин айы 20219:38 Бишкек Govori.TV

17-24-ноябрь аралыгында Өзбекстандын Термез полигонунун аймагында казак жана өзбек аскерлеринин катышуусунда машыгуу өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Аскердик машыгуунун максаты — биргелешкен тапшырманы аткаруу учурунда эки элдин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүн күчөтүү.

Казак тараптан машыгууга 100дөн ашуун аскер кызматкери катышып, көп функционалдуу Су-30СМ истребителдери, С-295 аскердик-транспорттук учактары, учкучсуз учуучу аппараттар колдонулат.

Буга чейин Жабыл облусундагы «Матибулак» полигонунда өзбек аскерлеринин катышуусу менен «Щит-2021» машыгуусу өткөн.

Количество просмотров: 146