• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө ЖККУнун «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу аяктады

13 Тогуздун айы 2023 15:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-октябрда Коргоо министрлигинин Балыкчыдагы «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусунун салтанаттуу жабылыш аземи өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, салтанатта сөз сүйлөгөн коргоо министри Бактыбек Бекболотов машыгуунун бардык катышуучуларына жогорку аскердик чеберчилиги жана кесипкөйлүгү, тырышчаактыгы жана толук берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жыл сайын өтүүчү машыгууларда ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн иштешинин жана пайдалануунун актуалдуу маселелерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Биздин мамлекеттердин аскер кызматчылары талаа даярдыгын дагы бир жолу бекемдеп, практикалык көндүмдөрүн бир топ жогорулатышты. Машыгуунун жыйынтыгы бирдиктүү жамааттык коопсуздук системасын курууга кошумча салым кошот жана Уюмдун жоопкерчилик чөйрөлөрүндө туруктуулукту камсыз кылууга жардам берет деп ишенем…”, – деп белгиледи министр.

Андан ары коргоо министри машыгуунун негизги өзгөчөлүгү кургактыктагы аракеттерден тышкары Ысык-Көлдө иш жүзүндө иштелип чыккан Россия Федерациясынын Аскер-деңиз флотунун сыноочу базасы менен биргелешкен аракеттерди жүргүзүү маселеси болгонун белгиледи.

«Борбор Азиянын бермети» көгүлтүр Ысык-Көл биринчи жолу күжүрмөн даярдыктын тапшырмаларын аткарууга тартылды», — деди ал.

Бекболотов сөзүнүн аягында Кыргызстандын коргоо ведомствосунун башчысы машыгуунун катышуучуларына ак жол каалап, мекенине, туугандарына жана жакындарына аман-эсен кайтып баруусун, ошондой эле аскердик чеберчиликти жогорулатууда мындан аркы ийгиликтерди каалады.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешип өткөргөн «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларын сыйлоо, аскердик контингенттердин салтанаттуу маршы жана эстелик катары бирге сүрөткө түшүү менен аяктады.

Жалпысынан машыгууга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн улуттук контингенттери катышты. Машыгууга жалпысынан 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200гө жакын бирдик авиация, бронетехника, аскердик транспорт, истребителдик жана армиялык учактар, деңиз кемелери жана учкучсуз учуучу аппараттар тартылган.

Количество просмотров: 101