• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзбекстан Ооганстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү

23 Бештин айы 202118:24 Бишкек Govori.TV

23-декабрда Өзбекстандын өкмөтү Ооганстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу Сурхандарыя облустук акимчилиги кабарлады.

«Азык-түлүк, кийим-кече жана көмүр жүктөлгөн 63 вагондуу дагы бир поезд Термездеги чек ара бекети аркылуу Мазари-Шариф шаарына жөнөтүлдү», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Өзбекстан 14-сентябрда Ооганстанга азык-түлүк, медицина каражаттары жана кийим-кечеден турган 1300 тонналык гуманитардык жардам жөнөткөн.

15-декабрда БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Өзбекстандын Термез шаары аркылуу Мазари-Шарифке эки жүк унаасы менен гуманитардык жардам жөнөткөн.

Октябрдын ортосунда БУУ Ооганстанга Өзбекстан аркылуу гуманитардык жардам бере турганы кабарланган.

Количество просмотров: 135