• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кошулду

17 Аяк оона 2019 9:56 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү тууралуу Нахчыван келишимин ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзамга кол койду.

Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишимге Азербайжандын Нахчыван шаарында 2009-жылы кол коюлуп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн уюмга кирүү ниети тууралуу былтыр апрелде Ташкентте түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан маалда айткан.

Өзбекстандын жетекчилиги 2018-жылга чейин Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусуна бир дагы жолу катышкан эмес. Былтыр 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн саммитке Шавкат Мирзиёев мейман катары келген.

Количество просмотров: 53