• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстан Термездеги объектилери Ооганстан тараптан аткыланганын четке какты

19 Чын куран 202215:51 Бишкек Govori.TV

Термез районундагы өзбек аскерлери Ооганстан тараптан аткыланганы тууралуу айрым Teлеграм-каналдарда жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Ал Телеграм-каналына: «Өзбекстандын Коргоо министрлиги менен Чек ара аскерлигинин маалыматына караганда, өзбек-ооган чек чарасында согуштук аракеттер жок, абал туруктуу», — деп жазды. Аткаминер калкты чагымга алдырбоого үндөдү.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги да Термездеги аскердик объектилер Ооганстан аймагынан ракетадан аткыланып жатканы жөнүндө маалыматтар жалган экенин тастыктады.

Министрликтин маалыматына караганда, өзбек-ооган чек арасы толугу менен өзбек аскерлеринин көзөмөлүндө.

Термездеги өзбек объектилери ИМ тобунун чабуулуна кабылганы жөнүндө маалыматтар буга чейин «Милитарист» жана «Военный обозреватель» Телеграм-каналдарында жарыяланган.

Количество просмотров: 175