• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өзбекстан Украинадагы өз жарандарын Польша аркылуу мекенине алып кетет

28 Бирдин айы 20229:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Украинадагы өз жарандарын Польша аркылуу мекенине алып кетет. Бул тууралуу Өзбекстандын Киевдеги элчилиги билдирди.

«Польшанын тиешелүү ведомстволору Польшанын мамлекеттик чек арасынан Өзбекстан жарандарынын визасыз өтүшүнө макул болушту», – деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстан жарандары жанына паспорт жана башка документтерин алып жүрүшү керек.

Элчилик тизме түзүүдө аялдарга, балдарга, студенттерге жана улгайган кишилерге артыкчылык берилерин эскертти.

24-февралда Украинада 4300дөй өзбекстандык жаран бар экенин айтылган. Алардын тизмеси дагы такталууда.

Количество просмотров: 94