• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстан Украинага экинчи жолу гуманитардык жардам жөнөттү

8 Кулжа 2022 17:17 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Украинага баасы 1 млн доллардан ашкан 19 тонна медикамент жөнөттү. Закарпатье облусунун башчысы Виктор Микита гуманитардык жардамды 6-июнда алганын билдирди.

Анын айтымында, 19 тоннадан ашуун медикамент жүктөлгөн учак Словакиянын гуманитардык хабына келип конгон, андан ары аны Закарпатьеге ташып келишкен.

Виктор Микита кеп 12 позициядан турган антибиотик жана витаминдер жөнүндө болуп жатканын, жардамдын суммасы 1 млн доллардан ашык экенин белгиледи. Гуманитардык жардамды аскер медиктерине жана госпиталдарга жөнөтүшөт.

«Жардам үчүн досторубузга, ишкерлерге, өзбекстандык ыктыярчыларга жана Украинанын Өзбекстандагы элчисине чын ыкыластан ыраазычылык билдиребиз», — деди Закарпатьенин башчысы.

Өзбекстан ушуну менен Украинага экинчи жолу гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Биринчи жолу апрелде 34 тонна медикамент, узак мөөнөткө сактоого боло турган азык-түлүк жиберген.

Количество просмотров: 128