• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстан Украинага гуманитардык жардам жөнөттү

22 Баш оона 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Эл аралык украин-өзбек достук коомунун төрагасы Любомир Башинский Өзбекстандагы бейөкмөт уюмдар жана бизнес өкүлдөр чогулткан 10,5 тонна гуманитардык жүктү кабыл алды.

Бул тууралуу Украинанын Ташкенттеги элчиси Николай Дорошенко билдирди.

Маалыматка ылайык, Украинага жалпысынан 21,3 миң долларга кышкы, спорттук, аялдардын жана балдардын бут кийимдери, балдар үчүн трикотаж буюмдар жөнөтүлгөн. Ошондой эле 4280 долларга медициналык шприцтер, медициналык кебез жана инфузиялык системалар берилди.

Буга чейин Өзбекстан Украинага гуманитардык жардамды 2022-жылдын апрель жана 2022-жылдын июнь айларында жөнөткөн.

Мурдараак Украинадан Өзбекстанга 45 баладан турган топ эс алуу жана реабилитациялоо үчүн келгени маалымдалган. Бул долбоорду Украинанын Ташкенттеги элчилиги демилгелеп, Өзбекстандын бизнес жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү колдогон.

Количество просмотров: 59