• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өзбекстанда 20 жаштагы келин өз жанын кыйды

22 Баш оона 2023 16:01 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура 20-августта Фергана облусунда жаш келин өз жанын кыйганы боюнча маалымат таратты.

Бир ай мурун турмушка чыккан 20 жаштагы келиндин жакындары анын денесинде ур-токмоктун издери бар экенин билдиришүүдө.

Ведомствонун маалыматына караганда, маркум медициналык колледжде окуп жаткан, күйөөсү автосалондо кассир болуп иштейт.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, келин күйөөсү сабап жатканын айтып, төркүнүнөн алып кетүүнү суранган.

Башкы прокуратура бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын жана өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.

Количество просмотров: 223