• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстанда баалардын жылдык өсүшү 12%га жетти

2 Бештин айы 20229:00 Бишкек Govori.TV

Ноябрда Өзбекстанда керектөө секторунда товарлардын жана кызматтардын баасы орто эсеп менен  1,3%  жогорулады. Бул тууралуу республиканын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, керектөө бааларынын индексинин өсүү ыргагы 12,3 пайызга жетти.

Ноябрда эң эле көп азык-түлүк товарлары кымбаттады, бир ай аралыгында орто эсеп менен баа 2% жогорулады.

Ушул эле убакыт аралыгында тамак-аштан башка товарлар 0,9%, калкка кызмат көрсөтүү баасы 0,8% өстү.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, Өзбекстан өкмөтү 2022-жылы инфляциянын деңгээлин 9% жана кийинки жылдары 5% төмөндөтүүгө ниеттенүүдө.

Расмий статистикага караганда, Өзбекстанда инфляция 2017-жылы 14,4%, 2018-жылы 14,3%, 2019-жылы 15,2% жана 2020-жылы 11,1% түзгөн.

Количество просмотров: 193