• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

2024-жылы кайсы азык-түлүктөр кымбаттаган?

10 Бештин айы 202413:17 Бишкек Govori.TV

Улуттук статком быйылкы жылдын 11 айынын ичинде кайсы азык-түлүктөр кымбаттаганын билдирди. Былтыркы жылга караганда, быйыл тамак-аштын баасы 5,4%га кымбаттаган.

Статкомдун жетекчилеринин айтымында, быйыл эт, картошка, туз, майлуу быштак, каймак май, кондитердик таттуулар, балык, манка уну, жогорку сорттогу ун, күрүч, сырлар, пастерленген сүт жана өсүмдүк майы кымбаттаган.

Ал эми гречка, жаңы бышкан жашылча-жемиштер, куюп сатылган сүт, жумуртка жана пахта майы арзандаганы айтылат.

Баалардын өскөндүгү Кыргызстандын бардык аймактарында болгон, бирок башка жактарга караганда, Ысык-Көлдө баалар өзгөчө кымбаттаганы байкалган.

Количество просмотров: 151