• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстанда блогерлер салык төлөөгө милдеттендирилди

9 Үчтүн айы 2024 14:43 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда 2024-жылдын 1-январынан тарта өз алдынча иштеген жарандар, анын ичинде блогерлер да киреше салыгын төлөй башташат.

Мыйзамга ылайык, эгер блогердин жылдык кирешеси 100 миллион сумдан ашса, ал жеке ишкер катары салык төлөйт.

Ошол эле маалда Өзбекстанда жети жылдан бери талкууланып келаткан «кирешелерди милдеттүү түрдө декларациялоо тууралуу» мыйзам кабыл алына элек. Учурда ал Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын кароосунда турат. Өз кезегинде бул мамлекеттик кызматкерлерге мыйзамсыз кирешелерин жашырууга мүмкүндүк берип, бюджетке түшкөн салыктын азаюусуна алып келүүдө.

Блогер Зафар Солижонов жергиликтүү блогерлер канча акча табарын билген өкмөт аткаминерлердин кирешеси тууралуу да маалыматтарды ачык жарыялашы керек деп эсептейт.

Өзбекстанда блогерлердин негизги кирешеси келишимдер боюнча иш-чараларды чагылдыруудан же жарнамадан түшөт. Бирок өлкөдө алар канча акча табары боюнча так маалымат жок. «Озодлик» радиосунун маалыматына караганда, Өзбекстанда жылына 100 миллион сумдан (8 миң АКШ доллары) ашык тапкан саналуу гана блогер бар.

Өзбекстанда буга чейин бир катар блогерлер менен тармактык активисттер «акча кымыруу» жана «президентти кемсинтүү» айыптары менен эркиндиктеринен ажыратылган. Бийлик алар профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн эмес, экономикалык жана каржылык кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылганын билдирип келет.

Блогерлер менен тармактык активисттердин айтымында, жаңы салык төлөтүү тартиби өлкөдөгү сөз эркиндигинин чектерин тарытып, коркуу сезимдерин күчөтөт.

Количество просмотров: 152