• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өзбекстанда чек арадагы чагымчылыкты алдын ала турган 120 атайын топ түзүлдү

1 Жетинин айы 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда чек арадагы чагымчылыкты эскертип туруу үчүн 120 мобилдик топ түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын парламентинин сайтында жарыяланганын «Спутник» жазды.


Маалыматка караганда, мобилдик топтун курамына ИИМ, Мамлекеттик коопсуздук кызматы, Улуттук гвардия жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери кирди.


«Бул топтор коңшу мамлекеттерде түзүлгөн социалдык-саясий кырдаалдын таасирин алдын алуу жана калктын тынч жашоосун камсыз кылуу максатында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.


Мындан тышкары, коңшу өлкө чек арага жакын жайгашкан аймактарында «Чегара-тозалаш» («Чек араны тазалоо») аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөргөн. Анда күч түзүмдөрү жергиликтүү малчы, мергенчи жана токой чарбасынын кызматкерлери менен чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн.

Количество просмотров: 563