• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанда дыйкандар мамлекеттик жерлерди 30 жылга ижарага алышууда

13 Аяк оона 2022 11:10 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан президенти “Дыйкан чарбаларын түзүү аркылуу калктын кирешесин көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Юстиция министри кабарлады.

Документте кеп калктуу конуштарга жакын, суу менен камсыздалган, пахта менен дандан бошотулган жер тилкелери жөнүндө болуп жатканы айтылган. 2022-жылдын соңуна чейин дыйкандарга 100 миң гектар, 2023-жылы 95 169 гектар айдоо аянттары 30 жылга ижарага берилиши керек.

Анжиян, Наманган жана Фергана облустарында 0,15 гектардан 1 гектарга чейин, башка облустарда 0,30 гектардан 1 гектарга чейин, Каракалпакстан Республикасында 0,30 гектардан 2 гектарга чейин берилет. Суусу аз жерлерде мындан көбүрөөк айдоо аянттарын алып иштетүүгө болот.

“Темир дептер”, “Аялдар дептери” жана “Жаштар дептерине” кирген жарандар жер тилкелерин конкурстун негизинде ала алышат. Алар бул тиземелерден чыгарылбайт: бардык жеңилдиктери бир жыл бою сакталат.

Количество просмотров: 95