• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстанда эки блогер жана журналист беш суткага камалды

30 Бугу 2023 15:42 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Шахрисабз шаардык соту блогерлер А.Абдуллев менен М.Музаффаровду жана Nasaf News сайтынын башчысы У.Каримовду «Майда бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун маалыматына караганда, 29-майда шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси мекеменин алдында токтоп турган автоунаадагы блогерлер менен журналисттен документтерин көрсөтүүнү өтүнгөн. Абдуллаев паспортун көрсөтүп, бирок автоунаанын документтерин көрсөтүүдөн «баш тарткан».

«Документтери жок болгондуктан блогердин автоунаасы айып жайына жеткирилген. Бул окуядан кийин алар милиция кызматкерлерине жаман сөздөрдү айтып, аларды кемсинтишкен. Үчөө тең ошол эле күнү кармалып, иш сотко өткөн», – деп жазылган билдирүүдө.

Бул окуя боюнча көз карандысыз булактар альтернативдүү маалыматтарды жарыялай элек.

27-майда блогер Элмурод Одилов «Майда бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 суткага камакка алынганы кабарланган.

Darya гезитинин маалыматына караганда, блогер Яккабаг районунун акиминин орун басары Фозил Хидировдун жибек кампасында болгон жолугушуусун чагылдырууга аракет кылган. Бул жыйында Хидиров активисттерди жаштарды келишимдик негизде аскерде кызмат өтөөгө тартууга чакырып, аны аткарбагандар кызматтан алынат деп коркуткан.

Количество просмотров: 60