• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзбекстанда «Hyundai» автозаводу курулууда

19 Жетинин айы 2018 16:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV
Өзбекстандын Наманган облусунда «Hyundai» автоунаа заводунун курулушу башталды. Ал үчүн Торокоргон районунан жер бөлүнүп, 17-ноябрда пайдубалы куюлду. «Азаттыктын» өзбек кызматы жергиликтүү булактарга таянып кабарлагандай, ошол күнү «Hyundai» компаниясы менен облустук акимчиликтин ортосунда инвестициялык макулдашууга да кол коюлду.
Завод Түштүк Кореянын «Hyundai Motor», «Evergreen Motors» жана «Posco-Daewoo corporation» компаниялары менен кызматташтыкта курулат. 2019-жылдын сентябрында аны ишке берүү пландалган.
Заводдо чакан жүк унаалары, микроавтобустар жана автобустар чыгарылат. Алгачкы баскычта 150 жумушчу оруну түзүлөт, толук иш баштаган соң миңден ашуун жумушчу кабыл алынат.
Өзбекстанда көп жылдан бери улуттук жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар жана автобустар чыгарылып келатат.
Туңгуч президент Ислам Каримов 1992-жылы Түштүк Кореяга барып, өзбек улуттук автоунаа чыгаруу тармагын негиздеген. Андан соң «Узавтосаноат» акционердик компаниясы Кореянын “Daewoo Motors” корпорациясы менен макулдашуу түзүп, Анжиян облусунун Асака шаарында «УзДЭУавто» заводу курулган.
2007-жылы “Daewoo Motors” банкрот болуп, «Узавтосаноат» “General Motors” компаниясы менен кызматташа баштаган.
2008-жылы “GM Uzbekistan” жабык акционердик коому түзүлгөн.
Самаркандда «Отайул» деген автобустар чыгат.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 14