• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өзбекстанда беш жылдын ичинде төрт ири ГЭС ишке кирет

4 Бештин айы 2018 13:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.11.2018. Govori.TV
Өзбекстанда беш жылдын ичинде кубаттуулугу 30 МВт ашкан төрт ГЭСтин курулушу аяктап, ишке берилет. Бул тууралуу 2024-жылга чейин өлкөнүн гидроэнергетикалык тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорунда жазылган.
Долбоорго ылайык, мындан тышкары өлкөдө 16 кичи ГЭС, ошондой эле учурда иштеп жаткан 21 станция модернизацияланат.
Бул долбоорлордун бардыгын ишке ашыруу үчүн Өзбекстан 2,6 миллиард доллар жумшаса, алардын 600 миллион долларын өкмөт насыя катары алат.
Мындай жол менен өлкө жыл сайын 2,8 миллиард кВт/саатка көбүрөөк электр энергиясын алып баштоону пландап жатат. Ошол эле маалда «Өзбекгидроэнерго» ишканасынын түзүмүндөгү станциялардын жалпы саны 57ге жетип, алар өндүргөн жалпы электр энергиянын көлөмү 9,3 миллиард кВт/саатты түзүп калат.
Количество просмотров: 29