Маалыматка таянсак, мектептин курулушу кечеңдеп, алдыда каражат бөлдүрүү маселеси турат. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып, курулуп жаткан мектептин сметалык баасы 66,5 миллион сомду түзөт.
Ал эми тендердик баасы 54 миллион сомго «Биримдик XXI кылым» ЖЧКсы утуп алган. Мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Аталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.