• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Өзбекстанда катуу жер титирөө тууралуу алдын-ала кабар берүү системасы ишке киргизилет

19 Бугу 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда 2023-жылдын 1-декабрынан тарта катуу жер титирөө тууралуу алдын-ала кабар берүү боюнча улуттук система ишке киргизиле баштайт.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги кабарлагандай, 18-майда «Калктын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу системасын жакшыртуу боюнча кошумча чаралар тууралуу» президенттин токтому кабыл алынды.

Улуттук системанын алкагында Өзбекстандагы жана чек аралаш райондордогу сейсмикалык көрүнүштөргө мониторинг жүргүзүлүп турат.

Документке ылайык, жер кыртышы 5 баллдан жогору магнитудада силкинген учурда жакын жайгашкан сейсмостанциялар атайын тиркеме аркылуу бир нече секунддун ичинде аймактагы тургундарга кабар жөнөтөт.

Токтомдо 1-августтан тарта «Суу сактагычтарда сейсмикалык байкоо жүргүзүү үчүн электрондук платформаларды» ишке киргизүү каралган.

Ошондой эле 2024-жылдын 1-январынан баштап сейсмикалык активдүү аймактарда жайгашкан шаарлардын башкы пландарын атайын сейсмикалык карталардын негизинде иштеп чыгуу тажрыйбасы киргизилет.

Мындан тышкары 2023-2024-окуу жылынан тарта өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринин программасына жер титирөө учурунда өзүн алдып жүрүү эрежелери киргизилет.

Количество просмотров: 98