• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда кескелдириктин этин жеген киши 3 жылга соттолду

17 Тогуздун айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Кашкадарыя облусунда кескелдириктерди кармап жеген 61 жаштагы жаран 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, үч жолу инфаркт болгон улгайган киши кескелдириктин (боз эчкемер Кызыл китептке кирген) эти менен териси ооруга даба экенин угуп, аларга аңчылык кыла баштаган.

Ал башка уруп, биринчи жолу 14 эчкемер кармоого жетишкен. Кийинки жолу ал 18 кескелдирик кармаган.

Оорусуна даба табуу үчүн ал кескелдириктерди союп, кайнатып жеген.

Сот аны 3 жылга эркинен ажыратып, Өзбекстандын Экология министрлигинин пайдасына 141,9 миллион сум (11,6 миң доллар) өндүрүп берүүгө милдеттендирди.

Количество просмотров: 390