• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстанда маданият министринин унаасы велосипедчен адамды сүзүп кетти

19 Бирдин айы 2024 9:03 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековдун кызматтык автоунаасы велосипед менен бараткан адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Интернетке жарыяланган видеодо министр менен анын айдоочусу жабыркаган жаранга жардам берүүгө аракет кылып, аны унаага отургузуп жатканын көрүүгө болот.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 16-февралда Анжиян облусунун Карасуу шаарында болгон. Озодбек Назаров бул шаарга президенттин сапарынын алкагында барган.

«Жабыркаган адам дароо ооруканага жеткирилип, ага ыкчам медициналык жардам көрсөтүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында анын саламаттыгына байланышкан олуттуу же коркунучтуу жагдайлар жок экени аныкталды», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Азырынча бул боюнча өлкөнүн Ички иштер министрлигине караштуу Жол коопсуздук кызматы комментарий бере элек.

Количество просмотров: 60