• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстанда пенсия менен маяна 7% көбөйөт

29 Жалган куран 2023 9:51 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 28-мартта маяна, пенсия жана жөлөк пулду көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыктын тексти өзбек президентинин сайтында жарыяланды.

Документке ылайык, 1-апрелден тарта Өзбекстанда пенсия менен жөлөк пул 7% пайызга көбөйөт.

Келерки айдан тарта пенсиянын базалык өлчөмү 347 миң сум же 30 долларды, карылык боюнча пенсиянын минималдык өлчөмү 677 миң сум же 60 долларды, майыптык боюнча пенсиянын өлчөмү 747 миң сум же 65 долларды, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери менен майыптарынын минималдык пенсиясы 3 млн. 296 миң сумду же 290 долларды түзөт.

Жалпысынан 4,4 миллион пенсионердин пенсиясы көбөйөрү күтүлүүдө.

Жарлыкта 1-майдан тарта бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин пенсиясы 7% жогорулай турганы айтылат. Май айында минималдык айлык акы 980 000 долларды же 86 долларды түзөт.

Өзбекстанда пенсия акыркы жолу былтыр 1-майда, бюджеттик мекеме-ишканалардын маянасы 1-июнда көбөйгөн.

Количество просмотров: 116