• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанда президенттик шайлоодон кийин сөз эркиндигине басым күчөгөнү айтылды

11 Жетинин айы 2021 18:34 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда бир күндүн ичинде бери дегенде эле үч блогер укук коргоо органдарына суракка чакырылды.

Самарканддык блогер Фаррух Самарканди 9-ноябрда Facebook баракчасындагы билдирүүсү үчүн суракка чакырылып, аны өчүрүүгө мажбурлашканын жазды.

«Аны басылмалардын бирине «Коррупциянын чынжыры үзүлдү» деген темада макала чыккандан кийин жазгам», — деп билдирди блогер.

Ошол эле күнү Фарход Норбутаев аттуу дагы бир өзбекстандык блогер укук коргоо органдарына суракка чакырылганын жазды.

«Кимдир бирөө мага каршы да арыз бериптир. Telegram-каналыма бала бакчадагы коррупция жөнүндө билдирүү чыгарганым үчүн суракка чакырылдым», — деп жазды Норбутаев Facebook баракчасына.

«Азыр Өзбекстандагы каалаган блогерден сурасаңар, дээрлик ички иштер бөлүмдөрүнөн чыкпай жүргөнүн айтып берет. Алар түрдүү себептер менен суракка чакырылып, соцтармактардагы билдирүүлөрүн өчүрүүгө мажбурланууда. Жакында эле Ташкентти кумдуу бороон каптаган. Блогердер буга баш калаанын мэри Артыкхожаевди айыпташкан. Мен бул тууралуу жазган эки блогерди билем. Алар суракка чакырылып, билдирүүлөрүн өчүрүүгө аргасыз болушту. Азыр бир нерсе жазуудан коркуп калдык», — деди ДиоРа аттуу дагы бир блогер.

«Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу» быйыл мартта кабыл алынган мыйзамга ылайык, телекоммуникациялык түйүндөрдү же Интернетти колдонуу менен өлкө президентин кемсинткен же ал жөнүндө ушак тараткандар үч жыл коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилип, же эркиндиги эки жылдан беш жылга чейин чектелип, болбосо беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мындан тышкары Өзбекстандын Кылмыш кодексине «Коомдук тартипти бузууга жана зордук зомбулукка ачык чакырык жасоо» үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы киргизилген. Ушундай эле чакырыкты ЖМКны, телекоммуникациялык байланыштарды же Интернетти колдонуу менен топ адам жасаса, алар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ага чейин өлкөдө «Маалыматташтыруу тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, блогерлер ЖМКларга теңелип, алар таратып жаткан маалыматтары үчүн жоопкерчилик алууга милдеттендирилген.

Өзбекстанда блогерлерге карата кысым өлкөдөн польшалык журналист Агнешка Пикулицка-Вильчевска чыгарылган учурда болууда.

Пикулицка-Вильчевска анын Өзбекстанга киришине тыюу салынганын журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

«Мен Өзбекстанга үч жыл мурда өзгөрүүлөр болот деген үмүт менен келгем. Эми азыркы өкмөттүн тушунда эч кандай системалык өзгөрүү болбойт деген ишеним менен кетип баратам», — деп жазды ал 8-ноябрда Twitter баракчасына.

Эл аралык уюмдардын жана медиа-эксперттердин пикиринде, жергиликтүү блогерлерге кысым көрсөтүү жана чет өлкөлүк журналисттерди Өзбекстандан чыгаруу — өткөн жумада эле экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен Шавкат Мирзиёевдин «реформаларына» шек туудурууда.

Количество просмотров: 144