• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Өзбекстанда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери 7-июнда башталат

5 Кулжа 2023 14:54 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июндагы жыйынында 9-июлда боло турган шайлоодо президенттикке талапкерлерди каттады.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө Өзбекстанда үгүт өнөктүгү 7-июнда башталат деген чечим кабыл алынды.

Жыйында Өзбекстандын президенттигине Элдик-демократиялык партиядан – Улугбек Иноятовду, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан – Робахон Махмудовду, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаевди жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёевдин талапкерлерди каттоо чечими кабыл алынды.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге бекер эфирдик убакыт берүүгө милдеттендирилет.

Үгүт иштери 7-июлга чейин созулат. 8-9-июль – жымжырттык күндөрү.

Количество просмотров: 55