• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстанда өспүрүмдөр поездде селфи кылам деп жатып токко урунушту

26 Аяк оона 202413:53 Бишкек Govori.TV

Фергана облусунун Үчкуприк районунда эки мектеп окуучусу селфи кылуу үчүн поезддин вагонуна жармашып, 27 миң вольттогу токко урунган.

Бувайда районундагы №1 мектептин үч окуучусу: 10-класстын эки окуучусу жана 8-класстын бир окуучусу Какир темир жол бекетиндеги тыюу салынган аймакка киришкен. Алар буудай жүктөп бараткан вагонго жармашып, 10-класстын эки окуучусу токко урунган.

Алардын бирөө денесинин 65% күйүк алса, экинчиси термикалык күйүк алып, жамбаш сөөгү сынган. Бул окуя боюнча Фергана облусунда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 208