• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда СССР убагында репрессияланган 240 киши акталды

25 Баш оона 2023 16:14 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Жогорку соту совет бийлигине каршы куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн 240 кишиге козголгон беш кылмыш ишин кайрадан карап, айыпталуучулардын баарын актады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акталган адамдар 1929-1931-жылдары азыркы Каракалпакстандын, Сархандарыя, Навои, Самарканд жана Кашкадарыя облустарынын аймактарында «совет бийлигине каршы куралдуу козголоңдорду уюштуруп, контрреволюциялык аракеттерге барышкан». Алар Өзбек жана Казак ССРлеринин жарандары болгон.

Быйыл апрелде Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясы 1930-1931-жылдары репрессияланган 208 өзбекстандыкка козголгон үч кылмыш ишин кайра карап, баарын актаган. Алар Борбор Азиянын биргелешкен мамлекеттик саясий бюросунун үч тараптуу кеңешинин чечими менен Сибирге сүргүнгө айдалган.

Мурдараак Репрессия курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча республикалык жумушчу топ 408 кишини актаган. Бүгүнкү күнгө карата акталгандардын жалпы саны 856га жетти.

2021-жылы августта өзбек президенти президент Шавкат Мирзиёев СССР маалында 100 миң өзбек репрессияга кабылып, алардын 13 миңи атылып кеткенин билдирген.

Өзбекстанда 2001-жылдан бери президенттин демилгеси менен 31-августта Репрессия курмандыктарын эскерүү күнү белгиленип келет.

Количество просмотров: 111