• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өзбекстанда ун, кумшекер жана өсүмдүк майы кымбаттады

25 Жалган куран 2022 14:01 Бишкек Govori.TV

Украинадагы окуялардын кесепеттери Өзбекстанга да тийип, өлкөдө ундун, кумшекердин жана өсүмдүк майынын баасы кескин жогорулады.

Ташкенттин тургуну Абдураззак Садыков акыркы бир жуманын ичинде шаарда кумшекер 50 пайызга жогорулаганын айтууда.

«Кечээ базарда кумшекердин бир килограммы 15 миң сумдан сатылып жатканын көрдүм. Он күн мурда 9 миң сум болчу. Адатта кумшекер жайкысын кыям жасаган маалда кымбаттап, кийин кайра арзандачу. Быйыл эрте эле кымбаттап жатат. Мындан тышкары өсүмдүк майына жана унга болгон баалар да жогорулады. Буга өзбек сумунун долларга карата курсунун төмөндөгөнү себеп болуп жатканы айтылууда», — деди ал.

Сырдарыялык ишкер Ульмас Каххаровдун айтымында, «эл арасында баалар мындан да жогорулай турганы жөнүндө ушак тарагандан кийин адамдардын көбү жапырт азык-түлүк сатып ала башташкан.

Кырдаалдан улам Украина бир катар азык-түлүк түрлөрүн экспорттоого тыюу салып, буудай, жүгөрү, тооктун эти, жумуртка жана өсүмдүк майын экспорттоо үчүн Экономика министрлигинен атайын уруксат алуу талабын киргизген.

14-мартта Орусиянын өкмөтү да дан азыктары менен кумшекерди Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө экспорттоого тыюу салган. Бул чектөөлөр Орусия жана Украина менен товар алмашуу көлөмү чоң болгон Өзбекстандын экономикасына терс таасир этпей койбойт. Анткени Өзбекстан дан өсүмдүктөрүн негизинен Казакстандан сатып алат. Казакстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан, Орусиядан бул өлкөгө буудай экспорттолбой калат.

Казакстандын Улуттук статистика агенттигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы кургакчылыктан улам өлкөдө буудайдын түшүмдүүлүгү 2020-жылга салыштырмалуу 21% азайган.

Gazeta.uz сайтынын маалыматына караганда, 2021-жылы Өзбекстан Казакстандан 643,3 миллион долларга дан азыктарын, 92,9 миллион долларга ун импорттогон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-мартта экономиканын туруктуулугун камсыздоо боюнча жыйын өткөрүп, Министрлер кабинетине ички базардагы баанын туруктуулугун камсыздоону тапшырган.

Количество просмотров: 298