• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстанда жакында кызматтан алынган аким камалды

6 Тогуздун айы 2022 18:30 Бишкек Govori.TV

21-сентябрда кызматтан алынган Сурхандарыя облусунун Термез шаарынын акими Исроил Худойбердиев мамлекеттик каражатты кымырып алуу шеги менен кармалды.

«Озодлик» радиосунун өз булактары билдиргендей, мурдагы акимге карата «Каражатты уурдоо же коромжуга учуратуу» беренеси менен айып тагылды.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгына жакын булактын айтымында, кылмыш иши Термездин борборундагы «Яшил дунё» азык-түлүк базарынын курулушуна байланыштуу.

Төрт соода комплексинен жана базарлардан турган «Яшил дунё» эки жыл мурда курулган.

Айыптоочу бутүмдө объектини куруу үчүн 14 млрд 800 млн сум бөлүнүп, анын 1 миллиард суму мыйзамсыз коромжуга учураганы белгиленген.

Өзбекстанда акыркы он күндө 14 аким кызматтан алынды.

Количество просмотров: 127