• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстанда жеке бала бакчалар банкрот алдында

25 Жалган куран 2024 18:01 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн миңден ашуун жеке бала бакчалар жакынкы күндөрү жабылып калуу коркунучу алдында турат.

Бала бакчалардагы балдарды онлайн түгөлдөгөн Real Soft программасындагы катадан улам, акыркы үч айдан бери миңдеген ишкерлер субсидия , мугалимдер маяна ала албай жатышат.

Банкрот болгон жүздөгөн ишкерлер Өзбекстандын министрлер кабинетине жана Мектепке чейинки билим берүү министрлигине арыз менен кайрылышкан.

Бул жеке менчик бала бакчалар мамлекет менен өнөктөштүктө иш алып барышат жана мамлекеттик субсидиялар аркылуу колдоого алынат.

Бала бакчанын ар бир тарбиялануучусунун тамак-ашына мамлекет 12,7 миң сомдон бөлөт.

Өзбекстанда бул система 2022-жылы киргизилген. Максат – мүмкүн болушунча көп балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу, аларга билим, тарбия берүү, энелеринин иштөөсүнө шарт түзүү.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны 27 миңден ашты.

Алардын көбү айыл жеринде уюштурулуп, негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана туруктуу жумушу жоктор балдарын ушул бала бакчаларга беришет.

Бала бакчанын төлөмү жайгашкан жерине жараша. Мисалы, айыл жеринде балдарын айына 50 миң сумдан бала бакчага бергендер болсо, ал эми чоң шаарларда, анын ичинде Ташкентте акысы 1-3 миллион сумга жеткен бала бакчалар бар.

Мамлекеттик субсидияларды алуунун шарты бар. Башкача айтканда жеке бала бакчанын кызматкери күн сайын бала бакчага келген ар бир баланы телефонуна сүрөткө тартуу менен түгөлдөп, Real Soft компаниясы иштеп чыккан программага жүктөшү керек. Ошентип, программа өзү онлайн түгөлдөөнү ишке ашырат.

Бирок Real Soft программасындагы мүчүлүштүктөн улам акыркы үч айдан бери ишкерлер субсидия , ал эми билим берүү кызматкерлери айлык маяналарын ала албай жатат.

15-мартта мамлекет менен өнөктөштүктө бала бакча ачкан жүзгө жакын ишкер Өзбекстандын министрлер кабинетине арыз менен кайрылышкан. Ишкерлер «Реал Софт» программасындагы катачылыктан жапа чеккенин, субсидиясыз, маянасыз банкрот болуу алдында турганын билдиришүүдө.

Ишкерлердин пикиринде, Real Soft программасы жакшыртылган эмес жана көп учурларда балдардын өздүгүн туура эмес толтурат.

Ишкерлердин айтымында, интернеттин ылдамдыгы төмөн, Wi-Fi жок көйгөйлөр бар айыл жеринде Real Soft программасын колдонуу дээрлик мүмкүн эмес.

Количество просмотров: 93