Бүгүн, 14-январда эртең менен саат 05:43тө Өзбекстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Бухара облусунун Каракөл районунда жайгашкан.
Республикалык сейсмикалык болжолдоо мониторинг борборунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн тереңдиги 10 чакырымды түзгөн.
Жер титирөөнүн очогунан Ташкентке чейинки аралык түштүк-батыш багытында 529 километр.
Күчү 2 баллга жеткен жер титирөө Пешкун жана Каракөл аймактарында сезилди.