• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстандан 200 миң адам келерки жылы өнүккөн өлкөлөрдө иштей башташат

24 Жетинин айы 202412:04 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын кайрадан дайындалган өкмөт башчысы Абдулла Арипов 2025-жылы өлкөнүн 200 миңдей жараны экономикасы өнүккөн өлкөлөрдөн иш таба ала тургандыгын Олий Мажилисте өкмөттүн программасын тааныштырып жатканда билдирди.

«2025-жылы 200 миңдей жаранды Германия, Улуу Британия, Япония, Түштүк Корея, Израиль, Канада, Польша, Түркия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу жана башка 21 өнүккөн мамлекеттерде ишке орноштуруу пландалып жатат», — деди Абдулла Арипов.

Мигранттарды даярдоо үчүн аларды кесиптик көндүмдөргө, чет тилдерин үйрөтүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле өкмөт негизги бир эки багыттан гана көз каранды болбош үчүн эмгек рыногун диверсификациялоо иштерин да улантат.

Количество просмотров: 180