• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстандан Кыргызстанга качууга аракет кылган «каралардын» дагы бир өкүлү кармалды

5 Бештин айы 2023 16:27 Бишкек Govori.TV

Фергана облустук ички иштер башкармалыгы жана Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери Фергана шаарында «Бахтиёр Кудратуллаев (Бахти Ташкентский) аттуу кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү менен тыгыз байланышта болгон» Достон Халиловду кармашты.

Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Достон Халилов 1992-жылы туулган, мурда соттолгон. Ал Кыргызстанга качууга аракет кылганда «Достук» (Дустлик) чек ара бекетинен кармалган.

Ага «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Өзбек мыйзамдарында бул үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигин чектөө жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

3-декабарда Өзбекстандын баш калаасында «Бахти Ташкентский» деген лакап аты менен белгилүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев кармалган.

Ал «маңзатты мыйзамсыз даярдаган, сактаган» жана «ири өлчөмдө акча опуза кылган» деп айыпталууда.

2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген. Ал эми Ички иштер министрлиги өлкө аймагында криминалдык кырдаалды жакшыртуу боюнча 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Ал 31-декабрга чейин уланары кабарланууда. Акциянын алкагында Фергана облусунда ар кандай кылмыштуу топтордун 20дан көп мүчөсү кармалганы маалым болду.

Количество просмотров: 146