• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Өзбекстандык блогерлер Мирзиёевден жардам сурады

6 Жалган куран 2023 8:49 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда журналисттер, блогерлер жана жарандык активисттерден турган 40тай адам президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, өлкөдө «чыныгы сөз эркиндигин камсыздоого жардам берүүнү» өтүнүштү.

Ачык кайрылууда өлкөдө «жабык, бирок катуу цензура» болуп жатканы жазылган. Мунун алдында бир катар журналисттерге жана блогерлерге куугунтук башталганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Кайрылуу жарыяланган күнү, 3-мартта Кашкадарыяда сот блогер Элмурад Одилдин (Элмурад Одилов) аппеляциялык арызын канааттандырган жок. Ал газ жана электр энергиясына байланыштуу маселелерди көтөрүп, Сенаттын төрайымы Танзила Нарбаеванын отставкасын талап кылып жүргөн. Өткөн айда блогер 15 күнгө камалып чыккан. Анын алдында бийликти сындап жүргөн дагы бир блогер Эмине-Лемара Мирзаахмедова кармалган.

Бийлик Kompromat.uzb Телеграм-каналына байланыштуу камалган блогер Абдукодир Муминов, журналисттер Хуршид Далиев, Мавжуда Мирзаева жана Сиявуш Хашимов баштаган бир катар адамдар тууралуу маалымат бербей келет.

Мирзиёев менен анын жакындарын коррупцияга, жээк-жааттыкка жол бергенине байланыштуу сындап чыккан ташкенттик блогер Шахида Саломова «психикалык саламаттыгын текшерүү үчүн» деген негизде ооруканага жаткырылган.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде сөз эркиндигин камсыз кылуу тууралуу бир катар убадаларды берген. Бирок соңку кездери медиага карата кысым-басым күчөгөнү тууралуу дооматтар көп айтыла баштады.

Количество просмотров: 384