• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өзбекстандын 2 жараны Алматыда кулчулукта кармалып келген

12 Кулжа 2023 15:51 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын эки жараны үч жылдан бери Алматы облусунда кулчулукта кармалып келген. Бул тууралуу казак басылмалары жергиликтүү полицияга шилтеме кылып кабарлашты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, өзбекстандыктар Карасай районунун 37 жаштагы тургунунун үйүндө кулчулукта жүргөн. Бул факты боюнча «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Полициянын ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө облустун аймагында Өзбекстандын 22 жараны тиешелүү документтери жок иштеп жүргөнү аныкталган. Билдирүүдө аларга карата кандай чаралар көрүлгөнү боюнча маалымат жазылган эмес.

Количество просмотров: 54