• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга келди 

15 Баш оона 202315:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-августта, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Өзбекстандын премьер-министрин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Абдулла Арипов Кыргызстанга 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышуу үчүн келди.

Количество просмотров: 66