• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстандын президенти кийинки аптада АКШга барат

14 Аяк оона 20238:56 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кийинки аптада АКШга барат. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Анын айтымында, Мирзиёев БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто ачыла турган 78-сессиясында сөз сүйлөп, жогорку деңгээлдеги жалпы саясий талкууларга катышат.

«Президент эл аралык коомчулукту биздин өлкөдөгү реформалар жана социалдык-саясий тармакты модернизациялоодогу жетишкендиктер менен гана тааныштырбастан, аймактык жана глобалдык мааниге ээ бир катар демилгелерди да көтөрөт», – деди Асадов.

Мындан тышкары сапардын алкагында Мирзиёев АКШнын президенти Жо Байдендин чакыруусу менен «Борбор Азия – АКШ» («С5+1») форматында өтө турган Кошмо Штаттардын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилеринин алгачкы саммитине да катышат.

Количество просмотров: 146