• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстандын расмий өкүлдөрү талибдер менен кызматташууну талкуулашты

24 Бирдин айы 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Кабулда расмий өзбек делегациясы талибдер башкарган өкмөттүн өкүлдөрү менен жолукту. Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлиги кездешүү качан болгонун так айткан жок.

Министрликтин маалыматына караганда, өзбек делегациясын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков, талибдердин делегациясын Ооганстандын Убактылуу өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар жетектеди.

Жолугушууда тараптар инвестиция, соода, транспорт жана логистика, энергетика, айыл чарбасы, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында кызматташуу боюнча пикир алышты.

Өзгөчө «Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолунун курулушун ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү жандандырууга көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөр маалында өзбек компанияларын Ооганстанда инфраструктураны калыбына келтирүү, айыл чарбанын өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарын иштетүү долбоорлоруна тартуу маселеси да каралды. Катышуучулар жакын арада эки тараптуу соода көлөмүн көбөйтүүгө жана эки өлкө аймагында транзитти жакшыртуу механизмдерин иштеп чыгууга макулдашты.

Количество просмотров: 72