Өлкөдө коронавирустун жайылып кетпешине бөгөт коюу максатында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек экенин эскерткен. Анткени бул убакта коменданттык саат жарыяланган. Күндүз дарыканага, азык-түлүк дүкөнүнө жана ооруканага гана чыкса болот.
Эгер көчөгө ушул үч нерсе үчүн чыга турган болсо, жарандын жанында өздүгүн тастыктаган документ жана маршруттук баракча болушу керек.
Маршруттук баракча — бул жаран өз колу менен толтурган анкета.
Анда төмөнкү маалыматтар жазылышы шарт:
Бирок, жарандар бул маршруттук баракчаны качан жана кайдан алаары тууралуу маалымат иштелип жатканын кабарлашты. Республикалык штабдын маалыматы боюнча бул тууралуу жоболор кийинчерээк берилет.
Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.