Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду.
Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Көп өтпөй президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармак баракчасы аркылуу билдирүү таратып, Шамыркановдун кызматтан алынышынын себебин айтты.
«Жаңы министрдин кызматтан кетирилишинин себеби — ал министрдин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелүүдө. Аталган министрликтин бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында пара талап кылган. Кызматкер айтылган сумманын жарымын ал кездеги ӨКМ министринин орун басары У. Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп бергенин айткан. Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин, айтылган сумманын калган жарымын бере албастыгын билдирген соң, анын айтымында, министр кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген. Баткенге которулган кызматкер Президент Садыр Жапаровго арыз менен кайрылган.
Мамлекет башчысы арызда келтирилген дооматтарды териштирүү тапшырмасын Башкы прокуратурага берген. Көзөмөлдөөчү орган арызда айтылгандар тастыкталганын билдирген. Ушуга байланыштуу, Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановду ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды», — деп жазды ал.